Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы ыйгарым укуктуу жарандар канча айлык алары айтылды

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 1176 | 0

Жогорку Кеңештин 14-июлдагы жыйынында “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечилер – депутаттар Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Мирлан Жеенчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова, Улук Садиков, Айбек Осмонов.

Документте чек ара аймагында жашаган жергиликтүү жарандардан, тактап айтканда, ошол жерди мыкты билген адамдардан атайын кошуун түзүү, аларды аскердик окуудан, машыгуулардан өткөрүү, зарыл болгон учурда курал колдонуусуна уруксат берүү маселелери сунушталган. Курал-жарак же коргонуу каражаттарын берүүнү Министрлер кабинети аныктайт.

Мыйзам ишке кирсе, «чек арадагы ыйгарым укуктуу кошуундардын» макамы аскер кызматкерлеринин даражасына теңелип, өмүрүнө, саламаттыгына кепилдикти мамлекет алат. Андан тышкары, мындай кошуундарды өлкөнүн бардык аймактарында көбөйтүү маселеси да камтылган.

Чек ара. Жанар Акаевдин «Курал берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна түшүндүрмөсү

Мыйзам долбоору 2015-жылы иштелип чыккан, азыр айрым өзгөртүүлөр сунушталууда. Башкы максаты, өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, жарандардын коопсуздугун коргоо үчүн чек арачыларга жардам берүү болуп эсептелет.

Талкуу учурунда депутат Ирина Карамушкина чек ара ыйгарым укуктуулары мамлекеттен канча айлык аларын, алардын мамлекетке канчалык пайдасы тийип жатканын сурады.

УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Тыналиев чек ара ыйгарым укуктуулары 14 миң сомдун тегерегинде маяна аларын айтты. Алар алыскы тоолуу аймактарда бир топ иштерди жасашат, ыкчам маалыматтарды беришет. Алар чек ара кызматкерлери катары иштешет. Жаңжал чыгып калган учурда аралашпайт. Аларда мындай ыйгарым укуктар жок.

Талкуу учурунда депутат Өмүрбек Бакиров чек ара маселесин жабык эшик артында кароону сунуштап, бул демилге экинчи жолу колдоо тапкан жок. Бирок парламент төрагасы Талант Мамытов талкууну токтотту. Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жанар Акаев: Элге курал берүү мыйзамын туура эмес түшүнгөндөр бар

Copyright © 2017 Maral FM