Connect with us

«Орхан Инандыны Түркияга 3 кыргызстандык чыгарып кеткен»

Кыска кабар | 13 Июл 2021 | 619 | 0

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз «Азаттыкка» маек куруп, Инандыны Кыргызстандан кимдер алып чыгып кеткени, укук коргоо органдарына берген көрсөтмөлөрү жөнүндө айтып берди.

Жактоочунун айтымында, Инанды аны 3 кыргызстатндык уурдап, эртеси күнү Түркияга алып келгенин айткан.

«Ким уурдаганын билбейт. Бирок кыргызстандык адамдар уурдаганын айтып жатат. Ал кыргыз милициясы, коопсуздук кызматы же башка топ болушу мүмкүн. Ким кылганын билбейт. Жалгыз гана Кыргызстандагы аны уурдоо боюнча операцияны үч кыргыз улутундагы киши кылганын айтып жатат. Бирок алар ким экенин билбейт», — дейт жактоочу.

Инандыны уурдагандар анын көзүн таңып, унаа менен бир жерге алып келип, учак менен Түркияга чыгарып кеткен.

«Көздөрү таңылуу абалда автоунаа менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышты деп айтып жатат. Ал кайсы жактан учакка салышканын билбейт. Казакстанбы, Кыргызстанбы, Тажикстанбы билбейт. Бирок кара жол менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышып, эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Бирок кайсы өлкөнүн аймагы аркылуу чыгарылганын көзү таңылуу болгон үчүн билбейт», — дейт ал.

Халил Ибрагим Йылмаз билдиргендей, Инанды ага карата кыйноолор болгонуна арызданган эмес.

«Мага «саламаттыгым, маанайым жакшы» деп айтып кой деди. Бирок Кыргызстанда уурдоо учурунда денесине залал келген окшойт. Бул жакта психологиялык басым болуп жатат, бирок уруп-согуп денем зыян келтирген жок деп айтты», — деди ал.

Андан тышкары жактоочу түрк басылмаларынын Инанды «оор күнөөнү мойнуна алды, мыйзамсыз ишмердикти кимдер каржылаганы боюнча айтып берген» деп жазгандары боюнча суроого жооп берген: «Эмне иш кылса, анын баарын түшүндүрдү. Көрсөтмөлөрү 89 барак болду. Бирок анда күнөөлүү экени тууралуу эч бир өкүнүч жок. Өзүн мыйзам буздум, күнөөлүүмүн деп эсептебейт. Ал эми айрым маалымат каражаттарынын жазганы бул пропаганда эле болуп жатат. Кыргызстанга кантип мектептерди ачканын, ишкерлердин инвестиция салганы тууралуу көрсөтмө берди. Ал күнөөнү мойнуна алган жок. Жөн гана эмне менен алектенсе ошолорду айтып берди. Мыйзамсыз эч нерсе кылган жокмун деп жатат».

Жактоочунун айтымында, учурда Инанды Анкарадагы Синжан түрмөсүндө кармалып турат.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырган. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM