Биз менен байланышыңыз

21-кылымдын «Дүйшөнү»: 10 жыл Нигерияда билим берген Лачын агай

Блог | 13 Июл 2021 | 5189 | 0

Очилбек Рахманов 10 жылдан бери Нигерияда жашап, ал жактагы жаштарга билим берип келет. Бирок Очилбекти көбү «Лачын» деп тааныйт. Нил Университетинде (Nile University) математика жана информатика сабактары боюнча дарс окуган Лачын, учурда илимдин кандидаты. 

-Лачын мырза, азыр пандемия учуру. Ден-соолугуңуз жакшыбы? Нигерияда абал кандай болуп жатат?

-Пандемия бизде бүт дүйнөдөгүдөй эле катуу коркунуч менен башталды, бирок таасири башка өлкөлөргө салыштырмалуу катуу болгон жок. Мунун бир нече себептери бар, бирок булардын ичинен эң негизгиси, өзү Нигерияда малярия, тиф жана башка инфекциялык оорулар көп болгону үчүн жана дээрлик бүт нигериялыктар бул оорулар менен ооруп чыкканы үчүн денеси башка вирустарга караганда кыйла күчтүү болуп эсептелет. Дарыгерлердин айтымында, бул коронавирус убагында өзүнүн таасирин көрсөттү. Ошонун натыйжасында да каза болгондор жана катуу ооругандар көп болгон жок.

Ал эми өзүбүздүн ден соолугубуз жакшы, Кудайга шүгүр. Коронавирустан 4-5 жыл мурда бул жерде Эбола бар эле. Анда дагы Кудайдын буйругу менен Нигерия катуу жабыр тарткан жок.

-Атын укканда эле чочулай турган өлкөдө жүрөсүз. Ал жерге кантип, кандайча барып калдыңыз?

-Мен 2005-2011-жылдар аралыгында Жалал-Абаддагы Курманбек Баатыр атыдагы лицейинде иштегем. Окуучуларым математика олимпиадаларында өнөрлөрүн көрсөтүп мени абдан кубандырган. Андан соң англис тилин кеңири сүйлөй турган бир өлкөдө тажрыйба топтогум келген. Мага Нигериядан сунуш түшкөн. Сунушту кабыл алгам. Тууган-урук жана жакындар бул кабарды биринчи чочулап кабыл алган болсо, кийин көнүп кетишкен. Аялым жана 6 айлык кызым менен келип калганбыз. Мына минтип кызым 10 жашка чыкты, балалык кези Нигерияда өттү десе болот. Азыр болсо өзүбүздүн каада-салттарды, тилибизди, мамлекетибизди таанысын деп Кыргызстанга кайра жибердим. Кандай болгон күндө да ал Кыргызстандын жараны. 4 жыл Лагос шаарында, 3 жыл борбор шаар Абуджада жана 3 жыл Нил Университетинде, жалпысынан 10 жыл иштедим.

Өзүңүз кайсы окуу жайды бүттүңүз эле?

-1997-2001-жылдары Оштогу «Сема» лицейинде, 2001-2005-жылдары Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг Университетинде бакалаврда окугам. 2020-жылы Германиянын Эрфурт шаарындагы Эл аралык прикладдык илимдер университетине магистратурага тапшыргам. 2017-2021-жж Абуджадагы Нил Университетинде докторантураны окудум.

Мен «Ош Сема» лицейине досторумдун сунушу менен баргам. Окууга ниетим жок эле. Бирок азыр ойлосом, Ош «Сема» лицейинде окуганым жашоомдо эң туура кадамдардан болгон экен. Лицей бизге бир гана билим эле бербестен, балким адилеттүүлүктү, ар дайым аракет кылууну, достор менен сонун мамиледе болууну, улууга жана кичүүгө сый-урматты жана башка адамгерчилик сапаттарын үйрөткөн. Өзүм мына 16 жылдан бери лицейде алган тарбиямды окуучуларыма үйрөтүп келем. Нигерияда дагы. Нигериялык ата-энелер жакшы тарбия берип жатасың деп мага ыраазычылыгын айтышат. Демек, менин Оштогу лицейде алган тарбиям туура болгон.

-Сиздин мугалимдик кесипти тандооңузга эмне түрткү болду?

 —2005-жылы Түркиядан бүтүп келгенде мен өзүм окуган эле лицейлерден сунуш келген. Ошондо көп ойлонбой эле сунушту кабыл алгам. Айлык өтө деле жогору болбосо да, келечекке үмүт менен кадам таштагам. Кудайга шүгүр, ушундай чечим кабыл алганыма такыр өкүнбөйм.

 —Нигериядан башка өлкөлөргө да сунуштар болгонбу? Дал ошол жакты тандоонузга эмне себеп болду эле?

 —2011-жылы Түркия жана Нигериядан сунуштар келген, бирок мен Нигерияны тандагам. Бул жерде 6 жыл колледжде иштеп, анан университетке ишке кабыл алынгам.

-Баргандагы эң алгачкы көз ирмемдериңиз тууралуу айтып берсеңиз… Башка өлкө, башка шаар, таптакыр эле тааныбаган адамдар, кандай болгон?

Нигерияга баруу аялым жана кызым үчүн кыйын сыноо болгон. Аялым кайсы жакка баратабыз деп көп ойлонгон, себеби Нигерияга кыргыздардын барганын уга элек болчубуз. Кызым 6 айлык эле. Нигериянын климаты кичине оор келсе да, ага көнүп кетти, Кудайга шүгүр. Нигерияга өз тандоом менен келгем. Кыргызстан деген  сөздү эч ким билбейт эле. Кайда барсам мен кыргызстандыкмын, өлкөбүз Орто Азияда, билип алгыла деп жүрчүмүн.

 —Кыргызстанга канча убакта бир келип турасыз?

 Жыл сайын каникулда Кыргызстанга барып турчубуз. Бирок 2020-жылы барганда, пандемияда да тууган-урукка катуу таасирин көргөндөн кийин биротоло кайтууну ойлодук. Нигерияда 10 жыл жашадык. Нигерия Африканын эң күчтүү мамлекеттеринин бири болуп эсептелет. Калкы 200 миллиондон көп. 250 улуттун өкүлү жашайт. Расмий тил — англис тили. Калкы көп болгону үчүн дүйнөнүн көп жерине нигериялыктар тараган.

-Нигерияда кандай артыкчылыктар жана кыйынчылыктар бар?

-Нигерияда жеңилдиги да, кыйынчылыгы да жетиштүү. Мөмө-жемиш жагынан тропикалык түрлөр көп; ананас, манго, папайя жана башкалар. А бирок биздин алма же жүзүм дегени жок. Каникулда Кыргызстанга барганда тоё-тоё жүзүм жеп алат элем. Нигерияда өтө көп инфекциялык оорулар бар. Этият болуу керек. Эң кыйыны чиркейлердин көптүгү жана малярия оорусу. Нигерияда жыл сайын дал ушул маляриядан улам өтө көп адам көз жумат.

 —Ал жакта билим деңгээли кандай? Бийлик билимге канчалык көңүл бурат?

-Мамлекеттик мектептер начар, ошол үчүн балдарды жеке менчик мектепте окутуу керек. 200 миллион эл болгону үчүн билим деңгээли төмөн десе болот. Университеттерге кирүү кыйын, а жеке менчик университеттер кымбат. Ушул себептен Нигерияда кара жумуш кылган кишилер көп.

 —Биздин маектешүүбүз мектеп бүтүрүүчүлөрү келечектеги кесибин тандап жаткан учурга туш келип отурат. Сиз аларга кандай кеңештериңизди берип кетет элеңиз?

 —Технология өтө тез алмашып жатат. 10 жылдан кийинки дүйнө 20 жылдан кийинки дүйнөдөн башкача болот. Мисалы, мен өзүм IT тармагында иштейм. Көп адамдар IT тармагы күч алып баратат, ошол үчүн ITни тандагыла деп сунушташат. А бирок мен андай деп ойлобойм. Ооба, IT тармагы күч алып баратат, бирок бизнести кылгандар ITни күчтүү колдоно алган тармактар болуп жатат: саламаттык сактоо, билим берүү,  соода сатык жана башкалар. Менин сунушум, бала өзү каалаган, өзү кызыккан тармакта окушу керек. Бирок ошол эле учурда, IT бул тармакка кандай жанылыктарды алып келди, кантип колдонсо болот дегендерди изилдеп чыгуусу зарыл. Ошондо бир таш менен эки кушту урган болот, өзү каалаган кесипти тандайт жана IT тармагына да аралашат.

Очилбек Рахмановдун Нигерияга болгон он жылдык сапары 1-2 айдан кийин карыйт. Ал Кыргызстанга кайтып келүү чечимине келгенин айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM