Биз менен байланышыңыз

Кыялбек Мукашев: Кытай калктын 70% эмдөө талабын коюуда

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 682 | 0

Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүнө 30-35 гана унаа өткөрүлүп жатат.

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары Кыялбек Мукашев, 12-июлда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Депутат Осмон Турдумамбетов чек аралардан өткөрүлүп жаткан автоунаалардын эмне себептен аз болуп жатканын сураган.

Ачыгын эле айтайын, посттордон 30-35 гана унаа өтүүдө. Себеби Кытай менен сүйлөшүүдө, алар калкты эмдөөнү 70 пайызга бүтүрүү керек деген талап коюп жатышат”,-деди Кыялбек Мукашев.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, күзгө чейин калктын 70 пайызын эмдөөдөн өткөрүү пландалган.

11-июлда Кытайдан 1,2 млн доза вакцина келди. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында массалык эмдөө жүрүп жатат. 29-мартта башталган эмдөөдөн 130 миң киши өттү.

Бишкектеги соода борборлорунда эмдөөдөн өтүңүз. Даректери

Copyright © 2017 Maral FM