Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүнө 30-35 гана унаа өткөрүлүп жатат.
Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары Кыялбек Мукашев, 12-июлда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Депутат Осмон Турдумамбетов чек аралардан өткөрүлүп жаткан автоунаалардын эмне себептен аз болуп жатканын сураган.
“Ачыгын эле айтайын, посттордон 30-35 гана унаа өтүүдө. Себеби Кытай менен сүйлөшүүдө, алар калкты эмдөөнү 70 пайызга бүтүрүү керек деген талап коюп жатышат”,-деди Кыялбек Мукашев.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, күзгө чейин калктын 70 пайызын эмдөөдөн өткөрүү пландалган.
11-июлда Кытайдан 1,2 млн доза вакцина келди. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында массалык эмдөө жүрүп жатат. 29-мартта башталган эмдөөдөн 130 миң киши өттү.