Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: БШК мыйзам бузуулар боюнча ыкчам топко кайрылууну суранат

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 338 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында өтүп жаткан шайлоолордогу мыйзам бузуулар боюнча Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко кабар берүүнү суранат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-июль күнү Бишкек, Ош жана Токмок калааларында шаардык кеңештерге кайра шайлоо өтүүдө. Шайлоо эртең мененки саат 08:00дө башталды.

Ыкчам координациялык топтун байланыш номерлери:

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 021255

Жарандардын кайрылуулар үчүн – 0502 001255

Ишеним телефону – 0312 626246

Коомдук кабылдама – 0312 660240

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg

Борбордук шайлоо комиссия  шаардык кеңештердеги шайлоого катышып жаткан партияларды шайлоо мыйзамдарын бузбоого чакырат.

Аталган үч шаардагы шайлоого шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 киши киргизилген. Анын ичинен Бишкекте – 426 миң 699, Ош шаарында – 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу. Шайлоо 326 шайлоо тилкесинде жүрүүдө.

Борбор калаада шайлоого 18 партия, Ош шаарында 8 жана Токмокто 6 партия катышууда.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өтүүдө

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM