Биз менен байланышыңыз

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өтүүдө

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 697 | 0

Бүгүн, 11-июль күнү Бишкек, Ош жана Токмок калааларында шаардык кеңештерге кайра шайлоо өтүүдө. Шайлоо эртең мененки саат 08:00дө башталды.

Аталган үч шаардагы шайлоого шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 киши киргизилген. Анын ичинен Бишкекте – 426 миң 699, Ош шаарында – 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу. Шайлоо 326 шайлоо тилкесинде жүрүүдө.

Борбор калаада шайлоого 18 партия, Ош шаарында 8 жана Токмокто 6 партия катышууда.

Кечээ, 10-июль күнү үч шаарда шайлоо тилкесинен тышкары шайлоо өткөн. Ага жалпы 3 миң 511 шайлоочу катышкан. Анын ичинде Бишкекте – 2 миң 277, Ош шаарында – 1 миң 31 жана Токмокто – 203 шайлоочу.

Жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилип-киргизилбегенин «Тизме» порталынан, өзүнүн шайлоо тилкесинен, 1255 жана 119 номерлерине чалып (же 119 номерине паспорттогу жеке номерди жазып SMS жөнөтүп) текшере алат. Чалуу жана SMS жөнөтүү акысыз.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM