Биз менен байланышыңыз

Чубак ажынын атасы: Бир жыл кантип өткөнүн да билбей калдым

Блог | 11 Июл 2021 | 12853 | 1

Белгилүү аалым, Чубак ажы Жалиловдун бул ааламдан өткөнүнө бүгүн 11-июлда туура бир жыл толду. Былтыр пневмония дартынан улам, 45 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. «Марал» радиосу аалымдын атасы Тажибай Жалилов менен байланышып, Чубак ажынын балалыгы, ата-балалык мамилеси тууралуу маек курду.

-Аалым Чубак ажынын ааламдан өткөнүнө бир жылдын жүзү болду. Бул бир жыл сиз үчүн кандай өттү?

-Эми бул бир жыл кантип өткөнүн да билбей калдым. Кыйын болот экен. Айла да жок. Кудайдын кылганы экен. Чубак өтсө да анын артында 3 уул, 3 кызы калды. Ошолорду эш тутуп жашап жатам. Ушундай эстеп, сурап турганыңарга рахмат! Артынан ушундай жаштар чалып, сурап турса сүйүнөт экенсиң.

-Чубак ажы кыргыз эли үчүн динге кызмат кылган аалым эле. Көпчүлүгү атасындай көрчү. Ал эми ал киши сизге кандай перзент эле? Экөөңүздөрдүн ата-бала мамилеңиздер тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

-Эки уулум, беш кызым бар. Эркек балдардын улуусу Чубак эле. Мен мектепте директор болдум. Чубак мага окуучу болду. Мектепте жакшы окуп, маданият бөлүмүн башкарчу. «Жаш журналист» деген мектептин гезитин чыгарып, редактор болду. Өзгөчөлүгү китепти өтө көп окуган. Базар-Коргонго барсам, сөзсүз китеп ала кайтчумун. Алып келбесем, Чубак капа болуп калат эле. Мектептеги китепкананы окуп бүтүп, райондук китепкана, кошуна айылдагы китепканаларды да баарын окуп чыкты. Эми азыр аны айтсам, силерге калп, мага чын. 6-классты бүтүп, 7-класска көчкөндө китеп таппай калдым. Ошто жашаган досум менен сүйлөшүп, Уркуя Салиева атындагы мектепке киргиздим. Ал жакта Чубак окуй элек китептер көп экен. Салиева  кыздар орто мектеби болчу, эжекеси менен сүйлөшүп, «Биз жакта китеп калбады, балам бир жыл окуп турсун» деп көндүрдүм. Ошентип ал жактын китептерин бир жылда окуп келди. Китеп окугандан сырткары чарбалык иштерди да мыкты жасачу. Тоок багып, помидорлорду өстүрүп жүрдү. Кичинекей «япон тоогуна» 17-18 жумуртка бастырса, эми анысы чыкпайтко десем, тоок баарын жөжө ачкан. Ошолорду бирин да өлтүрбөй, жем берип карайт эле. Бир колунда жөжөлөргө жем, бир колунда китеп турчу.

 -Ал киши окуган китептеринен сиз кайсыларын алып окуйт элеңиз? Экөөңүздөр китептерди талкуулачу белеңиздер?

-Мектепте окуган китептерин мен да баарын андан мурун окуп чыккан элем. «Санжыра», «Эр Табылды», «Эр Төштүк», «Жаныш-Байыш», «Тоо арасында», «Манас» үчилтиги, «Жоро» деген китептер болот эле. Ошонун баарын окуганбыз.

-Чубак ажынын молдо болуп калуусуна, балалыктагы таасир эткен учурлар болду беле?

-Менин апам, Чубактын чоң энесинин айтымында, атам бизди молдо болот деп, чоң молдо таанышына «балдардын оозуна түкүрүп кой», — деп суранган экен. Анан молдо «Азыр заман башка, мындай кылган эски адат», — десе да болбой, атам «Сиз айтканды кылып, кызмат акыңызды ала бериң», — деп мени менен бир тууганымдын оозуна түкүрткөн экен. Ошондон агам 3 жашта, мен бир жашта болгондо экөөбүз катуу ооруп, бирок атам өтүп кеткен. Апам бизди жалгыз чоңойтту. Атаңардын керээзи деп, молдо болсун дегенин көп айтчу. Ошондон улам ичимден балдарымдын бири молдо болсо деп тилеп жүрдүм. Бир тууганымдын да эки уулу, менин да эки уулум бар. Ушулардан чыкса деп ичимден ниет кылдым. Кудай жалгап, Чубак молдо болуп калды, азыр эстегенимде атамдын карызынан кутулдум деп калам.

-Чубак ажынын диний билим алуусуна көбүрөөк ким түрткү болду?

-Уулум мектепти алтын медаль менен бүттү. Анан ага ата катары кеп-кеңешимди айттым: «Мына балам, союз жоюлуп кетти. Бирок сен алтын медаль менен каалаган окууга өтө аласың. Ошентсе да окууну бүткөндөн кийин иш табуу кыйын. Мени уксаң, соодагер бол. Кудайдын жети казынасынын бири соодада деген. Азыркы тил менен айтканда менеджмент, бизнес деп коет. Экинчи сунушум, милиция бол. Социализм жоюлуп, капитализмге кеттик мына. Милиция да эми барып, полиция болуп өзгөрөт. Элдин адамы болосуң. Тартипти сактаганга көмөктөшөсүң. Эгер милиция да, соодагер да боло албасаң, анда молдо бол. Айылда бир-эки эле молдо бар. Бирок айылдын эң кедей адамы деле молдого сый көрсөтүп, жакшыраак төшөгүн салып, чайын берет. Сен дагы аларга кызмат кыласың, бул да жаман кесип эмес. Бул үч кесип, мамлекет кандай түзүлүштү тандаса да, жерде калбайт», — дедим. 1992-жылы колхоздор жоюлуп, мен айыл өкмөт болуп иштеп жатканмын ошол мезгилде. Анан уулум ойлонуп, «Ата менден соодагер чыкпайт. Милиция да боло албайм. Сиз айткан молдо болот окшойм, өзүңүз дагы атамдын карыз сөзү деп калчу элеңиз», — деп өзү кызыгып калды. Ошентип Бишкектеги Азирети Умар атындагы медресеге кирип, кийин 2-курста ал Ислам университети болуп калды. Бул университеттин алгачкы кызыл дипломун да менин балам алды. Бул мактаныч эмес, болгон окуя. Мен азыр өзүмдү кантип сооротом айтайынбы? 22 жашында окууну бүтүп, «Ата мына кызыл аттестат алдым, пайгамбарыбыз дагы динге 23 жыл кызмат кылган экен. Мен дагы жок дегенде 23 жыл динге кызмат кылсам болду», — деп айтып жатпайбы. Ошондо жаштык кылып, 23 жыл деди да, пайгамбардын жашына чыгайын деп тилесе кандай болмок? Өмүрдүн мындай тез өтүп кетерин сезбесе керек деп арман кылам (муңканып). Кайра өзүмдү сооротом, динге 23 жыл кызмат кылды…

-Уулуңуз саясий же мамлекеттик иштерде сиз менен кеңешчү беле?

-Муфтийлик кызматын тапшыра турган мезгилинде, мен Бишкекте болдум. Рекеттер келип коркутуп, 1 миллион сом бербесең, балаңды уурдап кетебиз дешти. Ошондо «Балам, муфтий болгонуңа 2 жылга жакындады, 8 күн калды. Прессаны чакырып, ишиңди өткөрүп бер. Казынага чогулткан акчанын суммасын да айтып, расмий өткөрүп бер. Акипресстен маалымат жыйын берсең, өзүңө кийин  жакшы болот. Ачык айкындуулук үчүн керек. Сага чейинкилер ар кандай иштеди, бирок сен реформатор болдуң», — дедим. 10 жолу соттолду. 3 жыл сотто жүрдү. Ага ажылыктын акчасынан салык төлөбөдүң деп 14 миллион сомго сотко беришкен. Ошондо депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам жазып, Соцфонддун ошол кездеги төрагасы Абылгазиевди чакырып, далилдеп, 92 депутаттын колдоосу менен кабыл алдырган. «Чубак ажы ажылыктын акчасын банкка төктүргөнү үчүн ортодо жебей калгандар ушинтип кыйнап жатасыңар», — деп соттон куткарган. Чубак муфтий болгондо, муфтияттын эсебинде 400 сом акча болгон экен. Ал муфтийликти тапшырып жатканда 400 миң доллар эсептеги акчасы менен өткөрүп берди. Мына жакында эле муфтияттын эсебинде акча жетпеди деген жаңылыктар чыгып жатпайбы, ошондойлорду укканда миң мерте шүгүр кылам.

-Ысымын Чубак деп коюлганына эмне себеп болгон?

-Менин апам Үрият Кулмолдо кызы болуштардын мектептеринде окуп, «Манас» китебин окуган. Мурун көк түстүү үчилтик китеп бар эле. Ошону дайыма бизге окутчу. Балам төрөлгөндө «Манастан Чубак кем бекен, бул неберем мага китеп окуп берет», — деп эпостогу Чубак деген атты койгон. Көрсө апамдын Кылыч деген бир тууган агасы манасчы, молдо болгон экен. Ал манасты өзгөчө айтчу, Манаста өзгөчө касиет бар деп көп айтчу. Ошондон улам Кылыч агасын эстегенче, Чубакка китепти окуп бер дечү. Уулум чоң апасына күндө «Манасты» окуп берчү. Кээде окуп жатам деп, китепти карабай эле жатка айтчу. Мен күлүп тиктеп турар элем. Чоң энеси «Аа балам, сен да Кылыч акемдей болуп, молдо болсоң болот эле» десе, Чубак «Чоң эне азыр молдолорду эл бакпай деле калды окшойт. Илгери молдону эл баккан. Мен молдо болсом, бала-чакамды кантип багам, коюңуз молдо болбой эле коеюн «, — дечү. Ошондо 6-7-класста ошентип айтчу. Апам Чубактан кийинки уулумду Сыргак деп койду. Өзү бизди жалгыз чоңойтуп, 86 жашында каза болду. Балдарымдын ысымы эпостон коюлганына апам себепчи болду.

Чубак ажынын таасирдүү сөздөрү, учкул ойлору

 

 

1 пикир

1 пикир

  1. Наргиза

    11.07.2021 03:53

    Ошо рекеттер олуп эле калбайбы.Муфтийден акча сурап баласын уурдайм дебей

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM