Биз менен байланышыңыз

Былтыр Кыргызстандын Венгрияга экспорту 300 миң долларды, импорту 7 млн долларды түзгөн

Кыска кабар | 5 Июл 2021 | 464 | 0

Былтыр Кыргызстан Венгрияга 300 миң долларга экспорт жасап, ошол эле учурда ал жактан 7 млн долларга продукция сатып алган. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин отурумунда Экономика жана каржы министринин орун басары Султан Ахматов билдирди.

Жыйында эки өлкөнүн Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, талкуу учурунда депутат Бахадыр Сулайманов Ахматовдон Кыргызстан менен Венгриянын соода жүгүртүүсү тууралуу сурады.

«Биздин экспорт өтө аз – 300 миң доллар. Ал эми импорт – 7 млн доллар. 2019-жылы экспорт 70 миң, импорт 6,8 млн доллар болгон. 2018-жылы экспорт 150 миң долларды түзгөн», — деди ал.

Ахматовдун айтымында, фонд алгач 16 млн доллар менен түзүлүп, жыл аягына чейин дагы 34 млн доллар бөлүнөт. Фонддун Директорлор кеңешинин курамы 5 адамдан турат. Алардын үчөөсүн кыргыз тарап, экөөнү венгер тарап коет. Фонддун төрагасы Министрлер кабинетинин башчысы тарабынан дайындалат.

Талкуудан кийин тармактык комитет аталган мыйзам долбоорун колдоп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM