Connect with us

Бажы кызматы жарым жылда казынага 121,1 млн сом айып пул өндүрдү

Кыска кабар | 5 Июл 2021 | 762 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрү 2021-жылдын I жарым жылдыкта жасаган иштеринин жыйынтыгын чыгарды.

Аталган бөлүм тарабынан жарым жылда 1301 мыйзам бузуу фактысын каттаган:

— анын ичинен 1188ине иш козголуп, 5 млн 118 миң 500 сом айып пул өндүрүлүп, 25 млн 308 миң 897 сом бажы төлөмдөрү алынган;

— Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 113 материал тергөө органдарына өткөрүлүп берилген, алар боюнча 64 млн 458 миң 328 сомдук зыяндын орду толукталды;
— Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштеринин алкагында кошумча 26 млн 288 миң 475 сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.

Жалпысынан 2021-жылдын I жарым жылдыгында бюджетке өндүрүлгөн жалпы айып пул 121 млн 174 миң 200 сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 115% га жогорулаган: өткөн жылы 605 бузуу фактысы аныкталса, быйыл бул көрсөткүч 1301 фактыны түзгөн.

Бюджетке акча өндүрүүлөрдүн суммасы 62,4% га же 46,5 млн сомго көбөйгөн: 2020-жылдын I жарым жылдыгында өндүрүү суммасы 74,5 млн сом
болсо, 2021-жылдын 6 айында 121 млн сомдон ашты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM