Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда алты май куюучу жайга 210 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 5 Июл 2021 | 409 | 0

Ош шаары жана Ош облусунда мунайзатын сатуу тартибин бузганы үчүн 6 май куюучу жайга 210 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «МПА», «Ош ойл», «Кыргызстан», «Россия нефть», «Кыргыз Мунай», «Памир-Алай» май куюучу жайлары сатылуучу товардын кодун онлайн-режиминде салык кызматына беришпегени аныкталып, аларга айып салынган.

Эскерте кетсек, май куюучу жайлар 2020-жылдын 1-июлунан тарта «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылган күйүүчү май тууралуу маалыматты көзөмөл-кассалык чекте басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга тийиш. Ошондой эле, ал маалыматтарды салык органына онлайн-режиминде берип туруулары зарыл.

Май куюучу жайларда мунайзат сатуу тартибин бузганы үчүн жеке ишкерлерге 12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом  айып пул каралган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM