Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Өкмөттүн 1 миңден ашык аскери Тажикстанга качып өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2021 | 1110 | 0

4-июлдан 5-июлга караган түнү «Талибан» кыймылынын согушкерлери Ооганстандын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү Бадахшан провинциясында бир нече уездди басып алды. Бул тууралуу Такжикстандын Чек ара кызматы билдирди.

«Талибан» кыймылы Хохон, Шикай, Нусай, Мохимай, Шугнон жана Султон Ишкашим уезддерин өз көзөмөлүнө өткөргөн. Куралдуу салгылаштын жүрүшүндө ооган өкмөтүнүн 1 миң 37 аскери бир нече чек ара тилкеси аркылуу Тажикстандын аймагына чегинген.

Тажикстандын чек ара кызматы аталган аймактагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирет.

Эскерте кетсек, АКШ аскерлерин чыгарып кетерин билдиргенден кийин Ооганстанда өкмөт аскерлери менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган. «Талибан» кыймылы улам бир районду басып алууда. Аталган кыймыл менен болгон куралдуу кагылыштан улам өкмөттүк аскерлер Тажикстанга качып өткөн учурлар көбөйдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM