Биз менен байланышыңыз

Манасчылардын республикалык сынагы өтөт

Кыска кабар | 5 Июл 2021 | 387 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги атактуу акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата манасчылардын республикалык кароо сынагын өткөрөт.

Сынак улуу залкардын манасчылык өнөрүн даңазалоо, эл арасында кеңири жайылтуу максатында уюштурулат.

Сынактын шарттары:

Мелдешке 30 жашка чейинки манасчылар катыша алат;

Кароо-сынак 3 баскыч менен өтөт:

I баскыч – жергиликтүү райондордо, шаарларда, маданият борборлорунда 20-июль күнү өткөрүлөт (мелдешке жер-жерлерден жобонун талаптарына жооп берген манасчылар тандалып алынат);

II жана III баскыч Бишкек шаарында 5-август күнү өткөрүлөт;

Байге фонду:

Баш байге – (1 аткаруучу) диплом, акчалай сыйлык;

I орун – (1 аткаруучу) диплом, акчалай сыйлык;

II орун – (1 аткаруучу) диплом, акчалай сыйлык;

III орун – (1 аткаруучуга) диплом, акчалай сыйлык.

Кароо-сынакка жигердүү катышкан манасчылар (9 аткаруучуга) атайын кызыктыруучу жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Алдыңкы орунга ээ болгон манасчылар Нарын облусунда өтүүчү фестивалга катыша алат.

Кароо-сынакка катышуу үчүн паспорттун көчүрмөсү (же туулгандыгы тууралу күбөлүк), арыз талып кылынат.

Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78 (Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, уюштуруу комитети)

Электрондук дареги: ncc07@mail.ru

Байланыш номерлери: 0312 66-24-04, 0774 36-95-10, 0709 21-07-33

Сынактын шарттары менен толук бул жерден таанышууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM