Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Токио Олимпиадасына жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 5 Июл 2021 | 1151 | 0

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев Токио Олимпиадасына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Федерациядан белгилешкендей, быйыл Болгарияда өткөн дүйнөлүк тандоо мелдешинде Олимпиадага жолдомо жеңген индиялык Сумит Малик кызытма (допинг) эрежелерин бузганы үчүн андан жолдомо кайра артка алынып, кыргыз балбанына берилген. Аталган мелдеште Лазарев үчүнчү орун алган.

Лазарев 125 килограмм салмакта күрөшөт.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу жолдомо алды: Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Нурсултан Кеңешбеков (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Роман Петров (фехтование), Бакдөөлөт Расулбеков (оор атлетика), Каныкей Кубанычбекова (ок атуу) жана Владимир Золоев (дзюдо).

Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM