Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда милдеттүү эмдөө өнөктүгү башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2021 | 1151 | 0

Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө 18 жаштан жогорку жарандар үчүн милдеттүү. Бул тууралуу COVID-19 жайылуусунун алдын алуу боюнча эпидемияга каршы чараларды күчөтүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Өлкө жарандарын эмдөө акысыз жүргүзүлөт.

Ошондой эле республикалык штаб тарабынан Тажикстандын аймагына чет жактан келген жарандар тапшырган ПЧР-тесттин жыйынтыгы терс болгонуна карабастан, 10 күн бою обочолонуу милдеттүү түрдө сунушталат.

Мындан тышкары ушул күндөрү коронавирустун жайылуу коркунучу жогору болгондуктан, өлкөнүн жарандары ар кандай коомдук иш-чараларды, үйлөнүү үлпөт тойлорун жана майрамдык иш-чараларды аз сандагы адамдар менен өткөрүүгө  уруксат берилди.

24-июнда Кытай вакцинасы өлкөгө алынып келгенден кийин, Дүйшөмбүдө 18 жаштан жогорку жарандарды массалык эмдөө башталды, үч ай мурун калктын аялуу катмары, анын ичинде 60 жаштан ашкан адамдар AstraZeneca вакцинасын ала баштаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM