Биз менен байланышыңыз

Канада менен АКШда ысык уруп каза тапкандар көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 630 | 0

Акыркы жумада Канада менен АКШда өтө ысык аба ырайы катталып, ал адам өлүмүнө алып келүүдө.

Өткөн жумада Канаданын Британия Колумбиясы провинциясында 486 киши күтүлбөгөн жерден көз жумган. Жергиликтүү соттук медицина өкүлдөрүнүн айтымы боюнча, ал нерсе Күндүн ысышына байланыштуу болушу ыктымал. Каза болгондордун көбү жашы улуу жана өнөкөт оорусу бар адамдар экени айтылууда.

«Буга чейин Ванкуверде мынчалык ысык аба ырайы болгон эмес. Тилекке каршы, анын айынан ондогон адам каза болду», — деп билдирди Ванкувердин полициясы.

29-июнда Британ Колумбиясы провинциясынын Литтон шаарчасында 49,5 градус ысык аба ырайы катталган.

Аптаптуу аба ырайы АКШнын түндүк-батыш аймактарында да катталууда. Портленд (Орегон штаты) жана Сиэтл шаарларында (Вашингтон штаты) 1940-жылдан бери катталбаган ысык болууда. Эки штатта ысыктан 70тен ашык киши каза тапканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM