Биз менен байланышыңыз

Түркиянын коргоо министри Эмомали Рахмон менен жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 336 | 0

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу «Ховар» агенттиги жазды.

Жолугушууда эки өлкөнүн эл аралык жана аймактык уюмдардагы кызматташтыгы, Коргоо министрликтеринин кызматташуусу жана башка бир катар маселелер талкууланган.

Аймактык коопсуздук маселелерин сүйлөшүү учурунда азыркы замандын чакырыктары жана коркунучтары менен күрөшүүдө байланыш түзүү, бул багыттагы кызматташтыкты арттыруу зарылдыгы белгиленген. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында террордук жана экстремисттик топтордун жанданышына, коопсуздукка коркунуч туулуп жатканына байланыштуу дүйнөлүк коомчулуктун ага каршы биргеликте күрөш жүргүзүшү зарыл экендиги айтылган.

Сүйлөшүүдө Ооганстандагы кырдаал да талкууланып, ички тирештин тынчтык жолу менен чечилиши аймактагы өлкөлөрдүн кызыкчылыгына туура келери белгиленген.

Эскерте кетсек, Хулуси Акар 29-30-июнда Кыргызстанда болгон. Анын алкагында ал Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, андан кийин президент Садыр Жапаров менен жолугушкан.

Кечээ, 30-июнда Хулуси Акар Тажикстанга расмий сапар менен барып, ал жактын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугушуу өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM