Биз менен байланышыңыз

Түркиянын коргоо министри Тажикстанга расмий сапар менен барды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 415 | 0

Кечээ, 30-июнда Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Тажикстанга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги билдирди.

Аны Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо салтанаттуу түрдө тосуп алды.

Жолугушууда Акар Анкара Душанбе менен коргонуу, коопсуздук жана коргонуу өнөр жайы тармактарындагы кызматташтыкты арттырууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, Түркия чек ара коопсуздугун камсыздоо, терроризм менен күрөшүү жаатында Тажикстан менен тажрыйба бөлүшүүгө даяр.

Акар Тажикстан Түркиянын Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи.

Өз кезегинде Мирзо белгилегендей, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү ортосунда кызматташууну арттыруу маанилүү болуп саналат. Эки мамлекет аймактык туруктуулук жана терроризм менен күрөшүү багытында кызматташып келет.

Эскерте кетсек, Хулуси Акар 29-30-июнда Кыргызстанда болгон. Анын алкагында ал Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, андан кийин президент Садыр Жапаров менен жолугушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM