Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Ааламдагы эң кымбат ресурс — билим

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 1707 | 1

Алган билимиңер, топтогон тажрыйбаңар Ата Мекен үчүн пайда алып келгендей болсун. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшыруу аземинде айтты.

Мамлекет башчысы аларды «Алтын сертификат» алышы менен куттуктап, балдардын натыйжага жетүүсүнө мугалимдер менен ата-энелердин кошкон баа жеткис салымын белгиледи.

«Билим кенин казууда, кыйынчылыкта, жакшылыкта акыл сөздөрүн айтып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушуп, артка кылчайбай алдыга карай жүрүүгө үндөгөн адамдар ушулар эмеспи» , — деди президент.

Анын белгилешинче, Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын көпчүлүгү чет мамлекеттердин алдыңкы университеттерине өтүшөт, бул ата мекендик билим берүү системасынын олуттуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп турат.

Ал ошондой эле «Алтын сертификат» алгандардын саны жыл сайын өсүп жатканын, аймактардагы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан да мыктылар суурулуп чыкканын кубануу менен белгиледи.

Мындан сырткары мамлекет башчысы азыркы — жогорку инновациялык технологиялар заманында билимдин баалуулугун белгиледи.

«Биздин коомчулук билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, билим сапатынын жакшырышына багытталган реформалардын жүзөгө ашуусуна кызыкдар. Бүгүн коомчулук негизги ресурс болгон адам потенциалын түзүүгө жана өнүктүрүүгө активдүү инвестиция жумшап жатат. Себеби, ааламдагы эң кымбат ресурс — билим. Билим берүү тармагындагы инвестициялар экономикалык адилеттүүлүктү камсыздоону, жакырчылыкты кыскартууну, заманбап саясий системаны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон интеллигенцияны  калыптандырууну камтыйт» , — деди Президент.

Кошумчалай кетсек, он жети жылдын ичинде 700дөн ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөнүн артыкчылык сертификаттарын алган.

1 пикир

1 пикир

  1. Медер

    01.07.2021 11:35

    Мугалимдердин мыктысын озу баш болуп уурдатып эми мынтип суйлогону зээнинди келтирет. Озу башка, созу башка, арзан пиарды суйгон ажобуз менен келечегибиз кандай болор экен…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM