Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан санариптештирүүгө даяр экенин көрсөттү»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2021 | 14996 | 0

Кыргызстанда акыркы учурларда орун алып жаткан аракеттер өкмөт санариптештирүүгө өтүүгө даяр экенин көрсөтүп турат. Мындай пикирин IFC-эксперт, курулуш тармагында талдоочу Улукбек Турдубеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жакында эле Министрлер кабинетинде санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча кызматтын түзүлүшү — абдан жакшы көрүнүш. Демек, өкмөт санариптештирүүнүн маанилүүлүгү канчалык экенин түшүнөт.

Экинчиден, азыр көптөгөн жаңы мыйзам долбоорлор демилгеленип баштады, мисалы: криптовалюта жөнүндө, салык боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору. Андан тышкары креативдүү экономика тууралуу жаңы концепция иштелип чыкты, «Санарип Кыргызстан-2023» жаңы программасы түзүлдү.

«Мунун баары Кыргызстан санариптештирүү кадамдарына даяр экенин билдирет. Ошондуктан, жеке сектор менен мамлекеттик сектор чогуу иш алып барышы керек», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM