Биз менен байланышыңыз

Айбек Күрөнкеев: Кыргызстанда санарип экономика жаңы өнүгүп баштады

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июл 2021 | 15154 | 0

Кыргызстанда санарип экономика жаңы гана башталып жатат. Бул тууралуу байланыш операторлор бирикмесинин жетекчиси Айбек Күрөңкеев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, келечекте  ар бир кыргызстандык үчүн электрондук кызматтар накталай эмес төлөм жүргүзүү, аралыктан жеткирүү кызматы аркылуу товар алуу жеткиликтүү болушу керек. Ишкерлер болсо, электрондук аянтчаларды колдонуу менен продукциясын алысыраак аймактарга экспорттоого мүмкүнчүлүк алышат.

«Бул багытта Кыргызстанда акыркы убактарда абдан жакшы иштер болуп жатат. Июндун башында Wildberries кыргыз ишкерлери үчүн каттоону ачты. Буга чейин Орусиядан ИП (жеке ишкерлик) же ЖЧК ачып, катталып гана иштесе болот болчу. Эми ишкерлер Кыргызстанда туруп эле катталып, иштей алат. «Амазондо» кыргыз ишкерлери үчүн каттоо июндун ортосунда ачылды. Ал жакта да мүмкүнчүлүк чоң», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM