Биз менен байланышыңыз

Асылбаева: «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамы сөз эркиндигине таасир этпейт

Коом , Кыска кабар , Саясат | 30 Июн 2021 | 4199 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 28-июнда «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кароого жөнөткөн. Буга байланыштуу бүгүн «Ала-Тоо» аянтында митинг болуп өттү. Алар «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кабыл албоо талабын коюп, 2020-жылы да митинг уюштурган эле. 

Жарандык активист Рита Карасартованын айтымында, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдө тоталитардык режимге багытталышы мүмкүн.

“Өткөн жылы депутат Гүлшат Асылбаева бул мыйзам долбоорун илгерилетип, бирок анын кароосу токтотулган болчу. Эгер мыйзам кабыл алынса, анда биздин өлкөдөгү тоталитардык режимдин образы толукталат, анткени кабыл алынган Конституцияда бардык жоопкерчилик бир адамга жүктөлүп, ал эмне десе ошол болот.

Жалпысынан, дүйнө жүзү боюнча фейктер менен мындай күрөш жүргүзүлбөйт. Окуган адам маалыматтын чын же жалган экенин түшүнүп, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ болушу үчүн билим берүү тутумун өркүндөтүү керек», — деди активист.

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова 2020-жылы демилгелеп, Жогорку Кеңеш кабыл алган. Коомчулуктун кескин сынынан, нааразычылык акцияларынан улам ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамга вето коюп, артка кайтарган. Андан кийин Жээнбеков июль айында Жогорку Кеңешке мыйзамды кайрадан иштеп чыгуу тапшырмасын берип, атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Бир жыл өткөндөн кийин бул мыйзам кайра демилгеленип, парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети 28-июнда «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кароого жөнөткөн.

Мыйзамдын автору Гүлшат Асылбаева бул долбоор жарандардын укугун коргоо, сапаттуу жана ишенимдүү маалымат алуу, жалган маалыматтар менен күрөшүү үчүн жазылганын айтып, сөз эркиндигине эч кандай таасири тийбей турганын белгилеп келет.

«Мыйзамдын негизги максаты — адам укугун коргоо жана сапаттуу, ишенимдүү маалымат менен камсыздоо. Бул биздин жарандардын кадыр-баркына шек келтирүүдөн жана жарандардын жеке коопсуздугун сактоо үчүн жасалып жаткан иш. Сөз эркиндигине коркунуч келтирген эч нерсе жок. Эгерде «фейк баракчаңар» жок болсо, анда бул мыйзам сиздерге тиешелүү эмес», — деди Асылбаева.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоор боюнча макулдашуу тобун түзүү, мыйзам кабыл алынса, аны ишке ашыруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн. Бирок министрлик өзү да бул мыйзамды аткаруу оор экенин айтып, бир катар жүйөлөрдү келтирген.

Аталган мыйзам долбоору «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» деген аталышта өзгөртүлүп, бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралды. Бир катар талаш-талкуулардан соң, мыйзам четке кагылды.

Copyright © 2017 Maral FM