Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Кыргызстан «Талибанды» чоң баш оору катары кабылдабашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Июн 2021 | 15403 | 0

Кыргызстан «Талибан» кыймылынын баш көтөрүп жатканын өзүнүн чоң баш оорусу катары кабылдабашы керек. Мындай пикирин серепчи, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде талиптер Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга кол сала турган болсо, өлкө аскердик, экономикалык, же саясий жактан туруштук бере албайт. Бирок ошол эле учурда эл аралык коомчулук, ири өлкөлөр талиптердин бул кадамына кайдыгер карап турбайт.

«Биз өзүбүз үчүн чечип алышыбыз керек, эгер согуш болуп кетсе, аскердик жактан «Талибан» кыймылына туруштук бере алабызбы? Канчалаган каражат жумшап аскердик техника сатып алып, куралдуу күчтөрүбүздүн санын көбөйтүү колубуздан келеби? Биз бул жерде эл аралык коомго ишенишибиз керек.  Өлкө ичинде алдын алуучу кадам катары террористтик, исламдык, радикалдык топторду жок кылууга аракет кылышыбыз керек. Ошолорго чара көрүшүбүз керек. Тышкы жагынан Борбор Азияда чоң согуш башталып кетсе, ири өлкөлөр кайдыгер карап турбайт», — дейт ал.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM