Биз менен байланышыңыз

Аскар Бешимов: «Талибан» бийликке келсе, чектеш мамлекеттерге кол салышы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Июн 2021 | 14464 | 0

АКШ Афганистандан армиясын алып чыгып кеткенден кийин өлкөдө абал кандай багытта өнүгөрү тууралуу 2 ача пикир бар. Бул тууралуу серепчи Аскар Бешимов «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, биринчи божомол боюнча, 1989-жылы болгон окуя кайталанышы мүмкүн. Куралдуу күчтөр чыгып кеткенде Афганистандагы уруулар ич ара бийлик талашып атып, жарандык согуш тутанып, өздөрү менен өздөрү болуп, башка мамлекеттерге коркунуч келтирбейт.

Экинчи божомол боюнча, «Талибан» кыска мөөнөттө, 3-6 ай ичинде Афганистандагы бийликтин 70%ын өзүнө алат.

«Афганистанда колуна автомат кармагандан башканы билбеген 2 муун өсүп чыкканын баарыбыз билебиз. Алар же айыл чарба менен алектенип, же бирдеме куруп, тынч жашоону билбейт. Алардын саны 200 миңдей. «Талибан» бийликти колуна алгандан кийин аларды багыш үчүн сөзсүз түрдө Борбордук Азияга кол салат деген экинчи пикир бар», — дейт Аскар Бешимов.

Коркунуч биринчи кезекте чек аралаш мамлекеттерге жаралат. Булар: Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан. Эгер Тажикстанда согуш болсо, анда ал Кыргызстанга да келиши мүмкүн. Бирок Аскар Бешимовдун пикиринде, бул варианттын ыктымалдуу 20-30 гана пайыз. Анткени талиптер Борбор Азияга кол сала турган болсо, дүйнөлүк коомчулуктун: Батыштын, Орусиянын, Түркиянын куралдуу күчтөрү каршы турарын түшүнүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM