Биз менен байланышыңыз

Саясат талдоочу: АКШга Орусия кандай чечим кабыл албасын, пайдалуу болот

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Июн 2021 | 409 | 0

АКШ тараптан Орусияны Афганистандагы согушка тартуу аракети жүрүп жатат. Мындай пикирин саясат талдоочу Азамат Темиркулов «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Орусия «Түркия Кабул аэропортун көзөмөлдөп калат» деген маалыматка кескин реакция кылды. Кремль Түркияны Борбор Азиядан көргүсү келбейт жана чөлкөмдө Түркиянын аскерий таасири күчөшүн каалабайт.

«Эгер Түркия ал жакка кирбесе, аскерлерин калтырбаса, анда Кабул аэропортунун коопсуздугун ким көзөмөлдөйт? Бул аэропорттун Афганистан үчүн мааниси зор. Бул контекстте Афганистандын өкмөтү Кремлден Кабулдун жана Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздоодо жардам сурап кайрылып жатат. Башкача айтканда, эгер Орусия Түркиянын аэропортту көзөмөлдөөсүнө каршы болсо, анда өзү көзөмөлдөшү керек дегенди кыйытып жатат», — дейт ал.

Саясат талдоочунун пикиринде, АКШга жана анын өнөктөштөрүнө Орусия кандай чечим кабыл алса да, баары бир пайдалуу. Эгер Орусия Афганистанга Түркиянын киришине макул болсо, анда өзүнүн коопсуздугуна жана геосаясатындагы таасирине минус болот. А эгерде каршы болуп, өзүнүн аскерлерин киргизе турган  болсо, анда бул Орусияны экинчи жолу Афганистан менен узакка созулган согушка тартуу аракети болуп калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM