Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 362 | 0

Бардык чек ара маселелерин чечүү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды белгиледик. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Душанбе шаарында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга жасаган билдирүүсүндө айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Тажикстан менен көп кырдуу мамилелерди өнүктүрүүгө приоритеттүү маани берерин жана тышкы саясатында достукка жана ынак коңшулукка негизделген өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоо боюнча буга чейин жетишилген бардык келишимдерди карманарын билдирди.

Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу болгонун айтты. Мындан тышкары региондук коопсуздук жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланганын маалымдады.

Президент жакынкы аралыкта Бишкекте өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын 17-жыйынында тараптар натыйжалуу жана жемиштүү иш алпарышарына үмүт артарын билдирди.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн, айрыкча чек ара аймагынын элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнү улантуу Кыргызстан менен Тажикстан үчүн өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи.

Кыргыз тарап чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо максатында эки тараптын чек ара айылдарында жашаган аксакалдарынан турган Тынчтык сактоо комиссиясын түзүү демилгеси менен чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM