Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Түркия аскердик-техникалык багытта пландалган иш-чараларын улантат

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 386 | 0

Бүгүн, 29-июнда Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы жагдайлары жана келечеги, кыргыз аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөсүн Түркиянын медициналык мекемелеринде дарылоо маселелери талкууланды.

Өмүралиев эки өлкө ортосундагы эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын жемиштүү өнүгүшүнө, андан ары кеңейишине жана бекемделишине салым кошо турганын белгиледи.

Өз кезегинде Хулуси Акар Түркия аскердик жана аскердик-техникалык багытта пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууну толугу менен улантарын, ошондой эле жакынкы убактарда коргоо жаатындагы эки өлкөнүн ортосундагы мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды этап-этабы менен ишке ашырууга натыйжалуу чараларды көрөрүн билдирди.

Тараптар аскер жаатындагы кыргыз-түрк мамилелери мындан ары да өнүгө берерин жана бекемделерин ишенимдүү маалымдашты.

Copyright © 2017 Maral FM