Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы 1092 адамдан аныкталып, 10 бейтап каза болду

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 3312 | 0

Кыргызстанда 29-июнга карата коронавирус дагы 1092 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарында – 602, Ош шаарында – 60, Чүй облусу – 177, Ош облусу – 47, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 12, Ысык-Көл облусу – 26, Жалал-Абад облусу – 83, Баткен облусу – 70 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда бир суткада 558 адам илдеттен сакайган.

Мындан сырткары бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 10 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 209 бейтап, амбулатордук түрдө 7 миң 248 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 369 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 867 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 123 038 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 109 миң 511 киши айыгып чыкса, 1 миң 992 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM