Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө III республикалык жайкы форум өтөт

Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 1452 | 0

Ысык-Көлдө 27-июндан 3-июлга чейин  «Окуучу күткөн мугалим» III республикалык жайкы форуму өтөт.

Аны «Мугалим» илимий педагогикалык журналы жана «Сейтек» балдар борбору өткөрүүдө.

Бүгүн, 27-июнда өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашык мугалим, 300 окуучу Ысык-Көлгө жөнөдү.  Жалпы 8 автобус баратат.

Бул форум быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жатат.

Ысык-Көлдө мугалимдин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө багытталган окутуу, семинарлар өтөт. Мындан тышкары, ар кандай маданий, спорттук иш-чаралар болот.

Таланттуу мугалимдердин чыгармачыл кечесин өткөрүү да пландалган. 

Ошондой эле, «Рух ордо» маданий борборуна, Кырчын жайлоосуна да саякат уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM