Ысык-Көлдө 27-июндан 3-июлга чейин «Окуучу күткөн мугалим» III республикалык жайкы форуму өтөт.
Аны «Мугалим» илимий педагогикалык журналы жана «Сейтек» балдар борбору өткөрүүдө.
Бүгүн, 27-июнда өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашык мугалим, 300 окуучу Ысык-Көлгө жөнөдү. Жалпы 8 автобус баратат.
Бул форум быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жатат.
Ысык-Көлдө мугалимдин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө багытталган окутуу, семинарлар өтөт. Мындан тышкары, ар кандай маданий, спорттук иш-чаралар болот.
Таланттуу мугалимдердин чыгармачыл кечесин өткөрүү да пландалган.
Ошондой эле, «Рух ордо» маданий борборуна, Кырчын жайлоосуна да саякат уюштурулат.