Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов жубайы менен коронавируска каршы эмдөөдөн өттү (видео)

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 3119 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана анын жубайы Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринде коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Улукбек Марипов пандемия менен күрөшүүдө массалык эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды эмдөөгө чакырды.

— «Министрлер кабинети жарандарды вирустан коргонуунун эң натыйжалуу жана коопсуз ыкмасы болгон коронавируска каршы эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Жакынкы аралыкта биз чет элдик өнөктөштөрүбүздөн кошумча вакцина алууну пландап жатабыз. Учурда эмдөөнү күчөтүү министрлер кабинетинин биринчи кезектеги милдети болуп саналат» , — деди Мариипов.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле медицина кызматкерлерине пандемияга каршы күрөшкө кошуп жаткан зор салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM