Биз менен байланышыңыз

Балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү. Экспертизанын жыйынтыгы 29-июнга даяр болот

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 470 | 0

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 12 жашар өспүрүм Игорь Якуниндин өлүмү боюнча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы 29-июнга даяр болот.

Милициянын маалыматы боюнча, Якуниндин өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертиза 24-июнда дайындалган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июнда Сокулук райондук соттук-медициналык экспертиза адистери Игорь Якуниндин соттук-медициналык изилдөөнүн жүрүшүндө лабораториялык изилдөө үчүн соттук-химиялык жана соттук-гистологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн биологиялык объектилер алынган.

Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө жашы жете элек 12 жаштагы өспүрүмгө соттук-гистологиялык изилдөө жүргүзүлүп, натыйжалары алынды.

25-июнда Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда уюштуруу методикалык кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө тиешелүү сунуштар берилди. Соттук-медициналык изилдөөнүн натыйжаларын жана өлүмдүн бардык жагдайларын эске алуу менен жашы жете элек Якуниндин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү маалыматтар бар.

Белгиленгендей, экспертиза иштери 29-июнда даяр болуп, тиешелүү органдарга берилет.

Якуниндин өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Материалдар Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына берилген. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Эске салсак,бул чуулгандуу окуя 1-июнда болуп, бирок ачыкка 2 жумадан кийин гана чыккан. Балдар үйүнүн жетекчилиги «баланын жүрөгү ооруп каза болду» дешсе, күбөлөр таяк жеп өлгөнүн айтышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM