Биз менен байланышыңыз

COVID-19. Назарбаев эмдөөдөн өтүп, казакстандыктарды эмделүүгө үндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 796 | 0

Бүгүн, 25-июнда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп, казакстандыктарды эмделүүгө үндөдү. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги жазды.

Ал Караганда фармацевтикалык заводунда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасы (биринчи дозасы) менен эмделген .

Вакцина алгандан кийин ал казакстандыктарга кайрылып, эмдөөдөн өтүүгө жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырган.

«Учурда Казакстанда үч миллионго жакын киши коронавируска каршы эмделди. Бүгүн мен да эмдөөдөн өттүм. Казакстандыктардын баарын эмделүүгө жана андан коркпоого чакырам. Вирустун жаңы штаммдары чыгып жаткандыктан азыр вакцина алуу өтө маанилүү. Муну өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн жасашыбыз керек», — деп, ал баарына ден соолук каалап өткөн.

Эскерте кетсек, былтыр жай айларында Назарбаев коронавирус менен ооруп айыккан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM