Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 99 бүтүрүүчү «алтын тамга» сертификатын алышты

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 663 | 0

Бүгүн, 25-июнда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында борбор калаанын орто билим берүүчү мекемелерин аяктаган 11-класстын окуучуларына атайын үлгүдөгү «Алтын тамга» сертификаттарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Маалым болгондой, быйылкы окуу жылында Бишкек шаарынан 99 бүтүрүүчү кызыл аттестатын татыктуу коргой алган. Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга сертификат-документтери менен кошо акылдуу саат тапшырды.

«Сиздерди мектепти ийгиликтүү аяктап, бүгүнкү кубанычтуу окуя — атайын сертификат алуу менен куттуктайм! Эми сиздер үчүн көптөгөн каалоолорду жана жылуу сөздөрдү уккан күндөр келди. Бул бекеринен эмес, себеби силер эми турмуштун чон жолуна аттанып жатасыңар», — деди Кудайбергенов.

Ал эми бүтүрүүчүлөр мэрге  өз колдору менен жасалган белекти — борбордун символу кийизден жасалган илбирстин сүрөтүн тартуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM