Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда Олимпиада оюндарында алтын алган спортчуларга 200 миң доллар сыйлык берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 818 | 0

Өзбекстанда Токиодо өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарында алтын алган спортчуларга 200 миң доллар сыйлык берилет. Бул тууралуу тиешелүү токтом чыкканын kun.uz сайты жазды.

Токтомго ылайык, аталган мелдештерде алтын алган спортчулар 200 миң доллар, күмүшкө татыгандар 100 миң жана үчүнчү орун алгандар 50 миң доллар менен сыйланат.

Бүгүнкү күнү Өзбекстанда спортчулар Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына 101 жолдомо алган. Андан тышкары оюндар башталганга чейин Паралимпиада мелдешине дагы 17 лицензия алынышы мүмкүн.

Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM