Биз менен байланышыңыз

Президент УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматты жойду

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 802 | 0

Президент Садыр Жапаров «Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматын жоюу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Буга чейин Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда жакында Антикоррупциялык кызмат жоюларын билдирген.

Президент экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөрүн бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлер үчүн жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири экени белгиленген. Бул максатта Министрлер кабинети жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет зарыл болгон уюштуруу чараларын көрөт.

Copyright © 2017 Maral FM