Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерге айлык бербөө керек (видео)

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 1121 | 0

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын бербөөнү сунуштады.

Ал 24-июнда өкмөттө онлайн өткөн кезексиз жыйында саламаттыкты сактоо тутумундагы кызматкерлер өздөрү да эмдөөдөн өтпөй жатканын сындады.

«Ыктыярдуу жана милдеттүү аткарышы керек болгон механизмдердин баарын киргизели. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери өздөрү вакцина албай жатса, анда кандай кылабыз? Врачтар улам-улам ооруп жатпайбы. Канчасы эмдөөдөн өттү? Ал эми армия, ИИМдеги кызматкерлерди, жалпы эле 368 миң мамлекеттик кызматкерлерди «эмдөөдөн өтпөсө айлык албайсың» дешибиз керек. Ушул сунушумду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм»,- деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда 24-июнга карата 27 миң 190 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен экинчи дозасын 19 миң 514 адам алды.

Жалпысынан 2932 медициналык кызматкер, Бишкектеги мектептерден 972 мугалим, 1234 мамлекеттик кызматкер, 411 укук коргоо органдарынын кызматкери, 8981 алтымыш беш жаштан өйдөкү карылар, 11699 башка категориядагы жаран, 849 өнөкөт оорусу бар адам эмдөөдөн өттү.

Copyright © 2017 Maral FM