Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым райондорунда газ жана ысык суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 184 | 0

28-июндан 9-июлга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаратылыш газы 1976-жылы пайдаланууга берилген жер үстүндөгү орто басымдагы газ түтүгүндөгү эски жабдууларды оңдоп-түзөөгө жана алмаштырууга байланыштуу өчүрүлөт.

Өчүрүү аянты төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

Садырбаев, Лев Толстой, Ала-Арча дарыясы, Миңжылкыев, Тыналиев, Масалиев, «Жал-23», «Ротор» отканасы.

Буга байланыштуу «Бишкек жылуулук энерго» ишканасы жылуулук энергиясын ысык суу түрүндө төмөнкү даректерге жеткирүүнү токтотууга аргасыз болот:

— «Жал» кичи району;

— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;

— №5 мончо жана кир жууган комплекс;

— №20 кесиптик лицей;

— №99 кесиптик лицей;

— №91 кесиптик лицей.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM