Биз менен байланышыңыз

АКШ Ооганстанда 650 жоокерин калтырууну пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 367 | 0

АКШ Ооганстандан негизги аскер күчтөрүн чыгаргандан кийин дипломаттарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 650 жоокерин калтырууну караштырып жатат. Бул тууралуу The Associated Press агенттигине таянып, tj.sputniknews.ru жазды.

Ошондой эле АКШ түрк аскерлерине көмөктөшүү үчүн жоокерлерин Кабулдагы аба майданында бир нече айга калтырып турууну пландоодо.

Белгилүү болгондой, эл аралык жана АКШнын аскер күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан 4-июлга чейин чыгып кетет.

АКШ Ооганстанга аскер күчтөрүн 2001-жылы октябрь айында 11-сентябрда болгон террордук акттан кийин киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM