Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Япония өкмөтүнөн вакцина жана муздаткыч сурады

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 323 | 0

Бүгүн, 25-июнда Министрлер кабинетинин төрага орун басары Жылдыз Бакашева Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда менен жолугушту.

Анда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле Жылдыз Бакашева пандемия маалында Кыргызстанга жардам көрсөткөнү үчүн япон өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстанда калкты эмдөөдөн өткөрүү маселеси курч турганын айтты жана Япония өкмөтүнөн Кыргызстанга 1 млн 100 миң дозада вакцина берүү мүмкүнчүлүгүн кароону, ошондой эле вакцинаны сактоо үчүн муздаткыч берүүнү өтүндү.

Япония элиси калкты эмдөөдөн өткөрүү жана эпидемиологиялык эрежелерди сактоо маанилүү экенин айтты.

Кыргызстанда 3,2 млн адам эмдөөдөн өтүшү керек. Анын ичинен артыкчылык бериле турган топтогулардын саны 2,6 млн адам. Бул үчүн 6,4 млн доза вакцина керек, эң аз дегенде 5,2 млн доза вакцина зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM