Биз менен байланышыңыз

Беларуста Софья Сапега менен Роман Протасевич үй камагына чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 433 | 0

Беларуста оппозициялык журналист Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы Орусиянын жараны Софья Сапега үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу ВВСˈнин орус кызматы жазды.

Сапеганын ата-энесинин айтымында, учурда алардын кызы ижарага батир алып жашап жатат. Анын үй камагына чыгарылганына 2-3 күн болгон.

Роман Протасевичтин ата-энеси учурда Польшада турушат. Анын атасы Дмитрий Протасевич уулу менен анын сүйлөшкөн кызы үй камагына чыкканы менен аларга тагылган айыптар алына электигин жана көзөмөл алдында болгондорун билдирген.

«Тергөө жүрүп жатат. Биз анчейин кубанган жокпуз. Жактоочу, бийлик эч нерсе деп айтпай эле. Алардын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөндө, жашаган шарттары жакшырды. Калганы эмне болору белгисиз», — деген ал.

Эскерте кетсек, 23-майда Протасевич менен Сапега Афинадан Вильнюска учуп бара жаткан учак Минсктин аэропортуна кондурулуп, ал экөө кармалган. Ал окуядан кийин Евробиримдик Беларуска карата санкция киргизерин билдирген.

Кечээ, 24-июнда Евробиримдик Беларустан мунайзаттарын, калий тузун импорттоого жана Беларуска коммуникациялык жабдууларды экспорттоого тыюу салган санкцияларды киргизди.

Беларуста Сапега 342-берене (коомдук тартипти бузуучу иштерди уюштуруу) жана 130-берененин 3-бөлүгү (социалдык кастыкты козутуу) боюнча шектелүүдө.

Ал эми Протасевичке карата бир нече кылмыш козголгон, алардын ичинде «массалык башаламандыктары уюштуруу» беренеси да бар. Ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM