Биз менен байланышыңыз

Аскар Сыдыков: Ишкерлерди камоодон баш тартышыбыз керек

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2021 | 1416 | 0

Коңшу өлкөлөрдө ишкерге себепсиз бут тоскон мамлекеттик кызматкер жазага тартылат. Бул тууралуу Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал Кыргызстанга да ушундай мыйзам киргизүү зарылдыгы турганын белгиледи.

«Бир ишкерди камаса, бул башка ишкерлерге чоң сигнал болот. Алар: «Мен да негизсиз текшерүүгө, камалууга кабылышым мүмкүн тура», — деп ойлонуп баштайт. «Бизнесимди кыскартайын, же жабайын, же башка мамлекетке чыгып кетейин, же көмүскөгө кетейин», — деп ойлонот. Ансыз да экономикабыздын дээрлик жарымы көмүскөдө экени расмий айтылып жатат. Мунун себеби эмнеде? Анткени мыйзамдуулук сакталбай, шарттар түзүлбөй жаткандыктан эл аргасыз көмүскөгө кетип жатат. Ошону сөзсүз түрдө өзгөртүү керек. 

Бизде 5 баш коргоо чарасы бар. 2019-жылдын жыйынтыгы менен иш козголгон ишкерлердин 67%ына камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алыныптыр. Бул — аябагандай кейиштүү нерсе. Адам баласы абакка түшкөндөн кийин башкача ойлонот, стресс болот, опузалоого кабылат. Анан «ыктыярдуу түрдө мамлекетке баланча сом төлөп берди» дешкенде, бул да башка ишкерлерге бир топ суроо жаратпай койбойт», — дейт ал.

Аскар Сыдыков жогорку бийликтеги адамдардын сот чечими чыга электе ишкерге айып тагып жатканын туура эмес деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM