Биз менен байланышыңыз

Офтальмолог: Көз кызара берсе, эт өсүп чыгат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2021 | 756 | 0

Кээ бир адамдар жуунганда, же компьютер, телевизорду көпкө караганда, көзү кызарып чыгат. Бул кийин көздө эт өсүүгө алып келет. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын көз оорулар бөлүмүнүн офтальмолог дарыгери Кундуз Бекбоева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, самын, шампундун курамы химиялык заттардан тургандыктан, көзгө кирип кетсе, ачышып, кызарып чыгат. Андай учурда өтө муздак эмес суу менен жакшылап жууп, коргоочу тамчылардан тамызып койсо болот.

«Көз кызара берсе, эт өсүп чыгат. Бизге ушул көйгөй менен кайрылгандарды сураштыра келсек, же баш сөөктүн ичиндеги басымы менен жабыркаган, же тоодо жашап, күндөн коргоочу көз айнек кийбеген адам болуп чыгат. Чаң жерде, өндүрүш иштеринде иштегендерде да көз кызара берип, майча калыптанат, анан ал эт болот», — дейт ал.

Ошондуктан дарыгердин айтымында, көздү абайлап жүрүү керек. Убагында уктап, телевизорду, компьютерди, же китепти узакка карабоо керек. Компьютерде көздү коргоочу көз айнек кийип иштөө зарыл. Анан убагында адистерге кайрылуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM