Биз менен байланышыңыз

Офтальмолог: «Кара июлдан» кийин көрүүсү начарлаган бейтаптар көп болду

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2021 | 641 | 0

Былтыркы «кара июлдан» кийин көзүнүн көрүүсү начарлаганын айтып кайрылган бейтаптар көп болду. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын көз оорулар бөлүмүнүн офтальмолог дарыгери Кундуз Бекбоева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, көздүн тамырлары өтө назик болгондуктан, алар үзүлүп кетип жатат.

«Алар үйдөн чыккандан коркуп отура беришип, оорусун өтүштүрүп алып жатышат. «Менин көрбөй калганыма 40 күн болду», «Менин көрбөй калганыма бир ай болду» деп келгендер бар. Аларды айыктыруу көп убакытты жана каражатты талап кылат. Өтө өтүшүп кеткендерге жардам деле бере албай калып жатабыз. Алар көрбөй келген боюнча көрбөй кетип жатышат», — дейт офтальмолог.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM