Connect with us

«Балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн тергөө иштери натыйжасыз жүрүп жатат»

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 796 | 0

Буга чейин Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 12 жашар өспүрүмдүн каза табуусу коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Бул чуулгандуу окуя 1-июнда болуп, бирок ачыкка 2 жумадан кийин гана чыккан. Балдар үйүнүн жетекчилиги «баланын жүрөгү ооруп каза болду» дешсе, күбөлөр таяк жеп өлгөнүн айтышкан болчу.

Бул окуяга тергөө иштерин Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы жүргүзүүдө. Бирок жабыр тарткан тараптын укугун коргоп жаткан адвокат Кубанычбек Туманов Сокулук РИИБнин тергөөчүсү натыйжасыз иштерди жүргүзүп жатат деп кабарлады. Анын айтымында, эксгумациялоо иштери жүргүзүлө элек, мындан улам маркум Игорь Якунин чынында эмне себептерден улам каза болгону аныкталбайт.

«Азыр аябай көп суроолор жаралып жатат. Биз азыр акыйкатты талап кылып жатабыз, баарын чындык менен кароо керек. Эгерде тергөөчүлөр комплекстүү экспертизаларды жүргүзүп, бул маселени изилдеп, тыкыр көзөмөлгө алып, бизге жыйынтык чыгарып беришсе, ошондо гана толук кандуу иштерди жасап жатышат демекпиз. Бирок тилекке каршы, андай болбой жатат. Жөнөкөй эксгумациялоо иштерин жасатканын улам сайын жылдырып жатышат. Алар медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин гана эксгумациялоону жасайбыз деп жатышат. Бул эмне дегени? Жазык-процессуалдык кодексте андай жазылган эмес. Мыйзамга каршы келет бул иш. Демек бул жерде жашыруун иштер бар», — деди Туманов.

Ошондой эле Туманов тергөөчү маркумдун бир тууган агасы Богдан Якунинди жабырлануучу катары карабаганын акылга сыйбаган иш деп баалады. Богдан маркумдун бир тууган агасы болгондуктан аны сөзсүз түрдө жабырлануучу деп таанытуу керек болчу. Бирок себеби айтылбай, аны жабырлануучу дебей, күбө катары сурак алышкан.

Богдан Якунинди жабырлануучу катары карабаганына байланыштуу адвокат Тумановдун толугу менен Жазык-процессуалдык укуктары жок болуп жатат.

Балдар үйүндө каза болгон өспүрүм бир жылдан кийин «ата-энелүү» болмок

Copyright © 2017 Maral FM