Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Жээнбеков менен Зулпукаровдун тарапташтары чогулду

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 251 | 0

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту «Кумтөр иши» боюнча кармалган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү карайт.

Ушул тапта сот имаратынын алдына депутаттардын тарапташтары чогулду. Алар «Саясий куугунтукка жол жок!», «Асылбек Жээнбековго боштондук», «Төрөбай Зулпукаровго боштондук» деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-майда «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу кармалган.

22-июнда «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу кармалган экс-премьер-министр, мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Бабанов 31-июлга чейин Атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM