Биз менен байланышыңыз

Анжиян: Мирзиёев келгенде отургузулган балатылар эртеси күнү «жок» болуп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 1395 | 0

Өзбекстандын Анжиян шаарында президент Шавкат Мирзиёев келгенде жол жээгине отургузулган балаталарды шаар бийлиги эртеси күнү көчүрүп кетти. Бул боюнча өзбекстандык интернет колдонуучулар видеолор менен бөлүштү.

Ал эми Андижан шаарынын мэриясы буга түшүндүрмө берди.

19-июнда интернетте Анжиянга президент келип-кеткенден кийин жол жээгине отургузулган балатылар жана гүлдөрдү кайрадан көчүрүп кетип жаткан видео жарыяланган. Шаар бийлиги муну жаш көчөттөргө кам көрүү деп түшүндүрдү.

«Биз шаарды жашылдандыруу үчүн балатыларды алып келип отургузганбыз. Бирок экологдордун сунушу менен аларды кайрадан көчүрүп кетүүгө мажбур болдук. Анткени аларга салкын, көлөкө жай зарыл экен. Ошондуктан биз алар ысыкта кургап калбасын деп ушундай кадамга бардык. Алардын кургаган жерлерин тазалап туруп, тийиштүү деңгээлде кам көрөбүз«, — деп билдирген Анжияан шаарынын мэриясы.

Ошондой эле алар ал балатыларды кийин кайрадан жол жээгине отургуза турганын да кошумчалаган. Бирок качан кайра отургузаарын так айткан эмес.

Ал эми шаар тургундары: «Муну президенттин келишине өздөрүн жакшы көрсөтүү үчүн гана жасашты, — деп сындашууда. Себеби ал балатылар жол жээгинде 24 саат гана турган.

Кошумчалай кетсек, буга чейин 2016-жылы Өзбекстандын туңгуч президенти, маркум Ислам Каримовдун аймактарга жасаган визитинде жергиликтүү бийлик куурап калган балатыларды жашыл боёк менен боеп чыкканы да катуу сынга кабылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM