Connect with us

Өкмөт эпидемиологиялык абал боюнча кезексиз жыйын өткөрөт

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 188 | 0

Министрлер кабинети Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал боюнча кезексиз жыйын өткөрөт. Бүгүн, 23-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов орун басарлары жана Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басарлары катышкан жыйын өткөрдү.

Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Мындан тышкары, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, жарандарды вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.

Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча Министрлер Кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү тапшырды. Ал ошондой эле тез арада аткарууну талап кылган бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM