Биз менен байланышыңыз

Кувейт-Бишкек-Кувейт түз аба каттамы ишке кирди

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 867 | 0

Бүгүн, 23-июндан тарта Кувейт – Бишкек – Кувейт жаңы аба каттамы ишке киришти. Бул тууралуу «Маралга» Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы Арзымат Матмуратов билдирди.

Анын айтымында, аталган аба каттамы боюнча Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясынын учактары каттайт.

«Бул рейс 2019-жылы Ош облусуна ачылып, каттап баштаган эле. Азырынча ал рейс убактылуу токтоп турат. Ошондон кийин Бишкекке дагы ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жигердүү иштерди аткардык десек болот. Бүгүн эртең менен саат 5те Бишкектин «Манас» аэропортуна биринчи рейс конду. Кувейттен алгачкы 140тан ашуун жүргүнчү учуп келди. Бул жаңы аба каттамдын ачылышы — өлкөгө туристтерди алып келишине өбөлгө түзүп, эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыкты жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүк жаралат», — деди Матмуратов.

Каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү жасалат. Жолдун узактыгы 3 саат 35 мүнөттү түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM