Биз менен байланышыңыз

Октябрь окуялары: ИИМ Али Токтакуновду суракка чакырды

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 268 | 0

ИИМ былтыр октябрь айында болгон окуяларга байланыштуу журналист Али Токтакуновду күбө катары суракка чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазган.

ИИМдин чакыруу кагазында ал суракка 23-июлда келиши керектиги айтылган.

«Октябрь окуяларына байланыштуу күбө катары суракка чакырылдым. Саат 10го барам», — деп жазган Токтакунов.

Эскерте кетсек, 2020-жылы 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы митинг өтүп, кечинде милиция менен митингчилердин ортосунда тиреш башталган. 6-октябрь түнүндө Ак үй басып алынып, андан кийин абакта жаткан бир катар саясатчылар боштондукка чыгарылган. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ал окуялардын аркасы менен президент кызматтан кеткен.

Октябрдагы окуяларга байланыштуу бир нече саясатчы кармалып, кийин айрымдары үй камагына чыгарылган. Кармалгандардын арасында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бар. Учурда ал №1 тергөө абагында кармалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM